| Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
| Кто не вышел на свет,
|
| Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
| Кто не поклонился светлой вселенной.
|
| Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
| Путь судьбы - трудный путь.
|
| А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
| Человек, ограничивающий свои мечты страданием,
|
| Туңгуюкка кептеген.
| Застрял в бездне.
|
| Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
| Когда он был создан, он не заставил мир ссориться и плакать.
|
| Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
| Не мучая родителей, пока не восстановит силы.
|
| Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
| Когда они вырастают, люди не уважают их желания.
|
| Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
| В ожидании дурной привычки - не собираясь,
|
| Кара жанды кыйнамай.
| Не мучая черную душу.
|
| Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
| Есть только один обладатель богатства этого мира,
|
| Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
| Есть люди, которые жертвуют людьми ради карьеры.
|
| Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
| Беды человечества,
|
| Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
| Те, кто отрицают человечность среди нас,
|
| Акыр заман салчулар.
| Судный день здесь, чтобы остаться.
|
| Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
| Давайте будем целеустремленными, давайте будем уважительными,
|
| Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
| Мечта всей жизни – золотая молодость.
|
| Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
| Давайте споем, давайте споем,
|
| Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
| Что касается народа, то мы будем, давайте уважать волю народа,
|
| Эркин ойноп жыргайлы.
| Давайте играть свободно.
|
| Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
| Прошлая жизнь - улетающая птица, трепещущая крыльями,
|
| Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
| Сезон цветения испортит ваш сад.
|
| Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
| Будем всей душой беречь молодость,
|
| Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
| Кто знает, сколько жизнь разделена судьбой,
|
| Бакыт канча ким билет.
| Кто знает, сколько счастья.
|
| Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
| Вы знаете, когда вы презираете молодого человека,
|
| Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
| Ты знаешь, когда ты краснеешь.
|
| Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
| Ты знаешь цену всякому богатству, когда оно разбросано,
|
| Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
| Ты знаешь, когда счастье презирают,
|
| Качырганда билерсиң.
| Вы знаете, когда вы убегаете.
|
| Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
| Мир честности и целостности для слабых,
|
| Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
| Мир, в котором нет невежественных людей, чьи души пусты.
|
| Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
| Мир света без ошибок,
|
| Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
| Этот мир всегда молод, сияя, когда мы проходим
|
| Дайым сулуу бул дүйнө.
| Этот мир всегда прекрасен.
|
| Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
| Жизнь, как море красоты,
|
| Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
| Считаются минуты, а жизнь проходит снова и снова.
|
| Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
| Мы как река жизни,
|
| Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
| Поплывем в правильном направлении, не гоняя туда-сюда,
|
| Бактыбызды байлабай.
| Не связывая наше счастье.
|
| Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
| Вы думаете, что данная жизнь никогда не закончится?
|
| Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
| Вы играете тривиальное дело.
|
| Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
| Ты рисуешь, как сокол, ты ползешь, как змея,
|
| Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
| Если ты проживешь сто жизней в этой тысяче тайн, ты не будешь удовлетворен,
|
| Миң жашасаң тойбойсуң. | Если вы проживете тысячу лет, вы не будете удовлетворены. |